Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат: Бирөөнүн каржылык айыбын элдин эсебинен жаап коюу туура эмес

14.02.2024 13:28
171
Депутат: Бирөөнүн каржылык айыбын элдин эсебинен жаап коюу туура эмес


Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев “Керемет банктын” сатылышына байланыштуу позициясын билдирди.


«Эмне үчүн мен каршымын? Улуттук банк бул банкты сатып жатат – бул туура, бирок министрлер кабинети бешинчи банкты 7 миллиард сомго сатып алып жатканы туура эмес. Бизде социалдык көйгөйлөр чечилбей, медициналык, билим берүү кызматтары сапатсыз болуп турганда 7 миллиард сом так ошол жакка багытталса болмок», - дейт Д.Бекешев.


Анын айтымында, 20 миллион, 70 миллион, 1 миллион сом бөлүү керек болгон башка бардык курч көйгөйлөргө Финансы министрлиги акча жок деген дейт. Д.Бекешев бешинчи банкты сатып алууга акча бар экенин, «ал бир жерден табылганын» кошумчалады.


«Бардык мамлекеттик банктар жакшы кызмат көрсөтүшпөйт, аларды жакшыртып, анан 5-банкты сатып алуу жөнүндө гана ойлонушса жакшы болмок. Кимдир-бирөөнүн каржылык айыбын элдин эсебинен жаап коюу туура эмес», - деп кошумчалады ал.


Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет комитети “Министрлер кабинети тарабынан “Керемет банк” ААКсынын үлүшүн Улуттук банктан сатып алуу жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырган.


Мыйзам долбоорунда министрлер кабинетине Улуттук банкка таандык “Керемет банк” ААКсынын 7 миллиард 126 миллион 432 миң сом өлчөмүндөгү акцияларын сатып алуу сунушталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн