Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат: Бишкектин мэри Садыр Жапаровдун сөзүн аткарбай жатат

11.05.2022 11:47
896
Депутат: Бишкектин мэри Садыр Жапаровдун сөзүн аткарбай жатат

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарынын мэриясы ата мекендик "Белес" автобусун сатып алуудан баш тартканына нааразылык билдирди.


Анын айтымында, мэр президент Садыр Жапаровдун сөзүн аткарбай жатат.


"Президент чет өлкөгө болгон сапарында завод, фабрикаларга суктанып, "бизде тиш чукугуч дагы чыкпайт" деп кейиген эле. Түнү менен уктабай ата мекендик өндүрүштү өнүктүрөбүз деген "Белес" заводунда өзүбүздүн ишкерлер иштеп жатат.

Президент "Белеске" барганда 10 автобус сатып алабыз деген. Сыноодон кийин дагы сатып алабыз деп айткан.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин Бишкектин мэри "Белести" сатып албайбыз кымбатка турат экен деп чыкты. Муну менен мэр президенттин сөзүн аткарбай жатат",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн