Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районуна иш сапары менен барып, бир катар иш-чараларга катышты (фото)

06.06.2022 16:21
1099
Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районуна иш сапары менен барып, бир катар иш-чараларга катышты (фото)

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибаев менен Камила Талиева Баткен облусуна иш сапары менен барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, эл өкүлдөрү Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жамааты менен жолугуп, аталган тармактар боюнча аймактагы көйгөйлөрдү талкуулашты.


Андан соң депутаттардын Кулунду айыл өкмөтүнүн тургундары менен уюштурулган жолугушуусунда, негизги көйгөй катары жөлөк пул маселеси көтөрүлдү. Эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев жөлөк пул чегерүү жаатында элет элине түшүндүрүү иштери толук жүргүзүлбөгөндүктөн, көйгөйлөр толук чечилбей жатканын баса белгиледи. Ага ылайык, депутаттарды коштоп барган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү тиешелүү маалыматтарды беришти.


Мындан тышкары, депутат Чыңгыз Ажибаев аймактардагы жаштар арасында волейбол жана кичи футбол боюнча достук турнирин уюштурду. “Ажибаевдин кубогу” аталышында өткөн спорттук иш-чарада волейбол боюнча Раззаков шаарынын курама командасы биринчи орунду багындырса, андан кийинки орундарга Сүлүктү шаарынын жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн курама командалары жетишти. Ал эми футбол боюнча өткөрүлгөн таймашта Сүлүктү шаарынын спортчулары биринчи орунду ээлеси, Раззаков-2 жана Раззаков-1 командалары экинчи жана үчүнчү орундарды багындырышты.


Ошондой эле, депутат Чыңгыз Ажибаев Сүлүктү шаарында “Манас, Семетей, Сейтек” аталышындагы грек-рим күрөшү боюнча республикалык көчмө мелдешинин ачылыш аземине катышып, жети дубандан келген спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн