Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутат Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул маалыматты “Кактус Медиа” сайты парламенттеги булактарына таянуу менен маалымдады.
Турсунбеков буга чейин катуу ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Ал пневмония болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганы айтылган. 1960-жылы Нарын районунда туулган Чыныбай Акунович быйыл күзүндө 60 жашка толмок.
Пикирлер (2)