Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Телеграм каналында билдирди.
Анын айтымында, ал 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуялар боюнча суракка чакырылган.
"Бүгүн мени 2020-жылдын 9-октябрындагы окуяларга күбө катары суракка чакырышты. Алар 5-6-октябрь окуяларына дагы бир жолу суракка чакыра тургандыктарын билдиришти. Мен албетте, күлүп жибердим. Күбө табылды. Мен эч нерсе көргөн жокмун, билбейм дагы", - деген депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн