Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевге жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бекешевше карата шайлоо фондун каржылоодогу мыйзам бузуулар боюнча арызын карады.
БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева билдиргендей, жумушчу топ эсеп ачууда жана акча каражаттарын алууда мыйзам бузууларды аныктаган жок.
Бирок анын айтымында, жумушчу топ Бекешевдин социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрүнөн мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилерин байкаган.
«Жумушчу топ Дастан Бекешевдин социалдык тармактардагы жана сайтындагы баракчаларындагы тексттердин мазмунуна көңүл бурду. Билдирүүлөрдө мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилери бар», - деди ал.
Жумушчу топ мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүү үчүн эскертүү берүүнү сунуштады. Бул чечимге БШКнын 10 мүчөсү «макул» деп добуш берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн