Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Чүй облусунун Сокулук районунун ооруканаларына 10 кычкылтек концентраторун тапшырды. Бул тууралуу депутат Твиттердеги баракчасына жазды.
"Айылдагы медициналык кызматкерлер аспирин, антибиотик, антикоагулянттарды жана С витамини сыяктуу дарыларды алып келип берүүнү өтүнүп жатышат", - деп жазды ал.
14-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 421 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 11 538 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 147.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн