Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жогорку окуу жайларга тапшырууда кыргыз тилинен милдеттүү түрдө сынак тапшыруу боюнча маалыматты тактоо үчүн парламенттин жыйынына билим берүү министрин же анын орун басарларын чакырууну суранды.
Анын айтымында, Кыргызстан көп улуттуу өлкө.
«Ал эми абитуриент кыргыз тилин өз деңгээлинде билбесе, университетке кире албайт экен да? Бул маселени бүгүнкү күн тартибине киргизип, протоколдук тапшырма берип, билим берүү министрин чакырып, түшүндүрмө берүүңүздөрдү суранам», - деди депутат.
Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр бүгүн келе албастыгын билдирди. Жогорку Кеңештин вице-спикери бул маселе 15-февралда боло турган жыйындын күн тартибине киргизилгендигин билдирди.
Эске сала кетсек, Билим берүү министрлиги буйрук чыгарган, ага ылайык, 2024-жылдан тарта Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларына тапшыруучу абитуриенттер үчүн кыргыз тили боюнча сынактан өтүү милдеттүү болуп калат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн