Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат Эльвира Сурабалдиева жашырган салык төлөндү (видео)

13.01.2023 09:01
381
Депутат Эльвира Сурабалдиева жашырган салык төлөндү (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын үй-бүлөсүнө таандык болгон Бишкектеги "Кудайберген" унаа тетиктерин сатуучу базар 70 миллион сомдон ашык салык төлөдү. Бул тууралуу Салык кызматынын орун басары билдирди.


Маалым болгондой, 2022-жылдын декабрь айында базарга көчмө рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 70 миллион 740 миң сом салык жашырылганы аныкталган.


Тиешелүү салык декабрь айынын соңунда мамлекеттик бюджетке камсыз кылынган.


Эскерте кетсек, депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен аталган маселе боюнча айтыша кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн