Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Эмил Жамгырчиев өзү тууралуу маалымат берди

14.12.2022 12:02
345
Депутат Эмил Жамгырчиев өзү тууралуу маалымат берди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.


Анын айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккан.


"Урматтуу мекендештер! 

Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм.


Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына расмий кат менен кайрылгам. 


Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем",- деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн