Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат: Эмне үчүн азык-түлүк кымбаттайт да, айлык көтөрүлбөйт?

03.02.2021 13:45
965
Депутат: Эмне үчүн азык-түлүк кымбаттайт да, айлык көтөрүлбөйт?

Жогорку  Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев Улукбек Мариповго "5 миң 600 сомго жашап көрө аласызбы?" деген суроо узатты.


Марипов: "Андай акчага жашаса болот бирок кыйын. Сурооңузду түшүнүп турам. жашоо миниму жөнүндө айтып жатасыз", - деди.


Депутат: "Анда эмнеге элди алдап жатабыз. Мынча акчага жашаса болот деп жатасыңар. Түзүмдү алмаштыруу, экинчи референдумду өткөрүү менен алек болуп жатабыз. Бизде саясат эле болуп калды. Азык-түлүктөрдүн баасы өсүп жатат, айлык өспөй эле. Качан мугалим, почта кызматкерлеринин жана башкалардын айлыгы көбөйөт?" - деп сурады.


Марипов: "Качан баарыбыз биргеликте өндүрүшкө тоскоол болбой, жеке бизнести коргоогондо иш алдыга жылат", - деп жооп берди.


Бекешев "Ташиев же Финансы полициясы тоскоолдук кылып жатабы?" деп сурады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн