Эртең жаңы чакырылыштын депутаттары мандат албай калышы мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, Салык кодекси боюнча мыйзамды өткөрүү үчүн депутаттар чогула албай жатат.
"Салык кодексинин жаңы долбоорун кароо үчүн Жогорку Кеңеште кворум болбой жатат.
Депутаттар жыйынга келбей жатат. Мындай боло берсе эртең жаңы чакырылыштын депутаттары мандат ала албай калышы мүмкүн. Себеби, айрым мыйзамдар кабыл алынбаса азыркы депутаттарды коё бербейт",- деди Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн