Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Депутат Эсептөө палатасынан Айыл чарба министрлигин текшерүүнү суранууда

13.03.2024 10:48
135
Депутат Эсептөө палатасынан Айыл чарба министрлигин текшерүүнү суранууда


Айыл чарба министрлигине 2009-жылдан 2022-жылга чейин 108,3 миллион доллар бөлүнгөн. Мындай маалыматты 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламент жыйынында билдирди.


Ал Эсептөө палатасынан бул маселени дыкат текшерүүнү өтүндү.


Депутат бул маселе боюнча деталдуу текшерүү болбогонун айтты.


«Ар бир сарпталган тыйын текшерилип, отчет берилишин суранам», - деди К.Сулайманов.


Маалымат үчүн:

Аскарбек Жаныбеков 2021-жылдын февралынан 2023-жылдын декабрына чейин айыл чарба министри болгон.


2023-жылдын декабрынан бүгүнкү күнгө чейин министрликти Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн