Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Депутат Асылбаева салыкты жогорулатууну этап этабы менен жүргүзүүнү сунуштады

10.06.2020 09:01
1045
Депутат Асылбаева салыкты жогорулатууну этап этабы менен жүргүзүүнү сунуштады


Салык саясатында мамлекеттик кызыкчылыктар менен бизнестин кызыкчылыгынын ортосунда тең салмактуулук болушу керек, деп билдирди депутат Гюльшат Асылбаева кечээ, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында.  

 

Өкмөттүн  түшүнүксүз мамилеси, так эсептердин жоктугу байкалып жатат. 3 пайыздык салык жүгү тууралуу сөз болгондо биз баарыбыз макул болгонбуз. Бирок, ушул жумада бизнестин өкүлдөрүнөн президенттин, төраганынын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин атына арыздар келип түштү. Анда мамлекеттик органдын демилгеси компаниялар ишканаларды куруу үчүн алган карыздарын төлөй электигин эске албаганы, салынган инвестициялар мамлекеттик органдар тарабынан корголбой жаткандыгы айтылган”, - деди Г.Асылбаева.

 

Депутат белгилегендей, мамлекеттик казынаны толтуруу - бул зарылдык, бюджеттин киреше бөлүгү үчүн кошумча булактарды табуу да маанилүү. “Бирок, силер ишканалар менен коронавируска байланыштуу алар азыр кандай абалда экендиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жоксуңар. Ушуга байланыштуу салыкты этап - этабы менен көтөрүүнү сунуштайм, ошондо бизнес өндүрүштү пландаштырып, оптимизация жүргүзө алат”, - деп кошумчалады депутат.

 

Г.Асылбаева салыкты жогорулатууну бир нече этап менен жүргүзүүнү, башталышында салыкты 3 пайыз бойдон калтырууну, анан бир жарым жылдан кийин 5 пайызга, эки жылдан кийин гана 7 пайызга жогорулатууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн