Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Депутат Исхак Масалиев Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгоону сунуштады

20.06.2023 13:58
333
Депутат Исхак Масалиев Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгоону сунуштады


Депутат Исхак Масалиев Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгоону сунуштоодо. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялары, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


«Биз Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгосок болот», - деди Исхак Масалиев.


Комитет калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин да карады.


Эл өкүлүнүн айтымында, муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери шаардыктарга ичүүчү суунун деңгээли төмөндөп кеткендигин эскертүүгө милдеттүү.


«Саясатчыларды тыңшагандан көрө, Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгогула. Суунун деңгээлин карап туруш керек болчу, ал бир күндө түшпөйт. Күн сайын деңгээлди ченеп турган Вася байке да бар. Ал суунун деңгээли бир метрге төмөндөп кеткенин албетте эскертсе болмок. Бул шалаакылык», — деди Исхак Масалиев Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылып.


Эске салсак, Бишкекте ичүүчү суу гана эмес, сугат тармагында да көйгөй бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн