Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат: Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго даярдык кечеңдеп жатат

11.06.2020 11:00
1018
Депутат: Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго даярдык кечеңдеп жатат


Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго даярдык кечеңдеп жатканына токтолуп, өкмөттү ыкчам аракет көрүүгө чакырды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 


"Туризмди өнүктүрүү багытында өкмөт качан алгылыктуу иштерди аткарат? Чолпон-Атага лаборатория ачабыз деп, жумуштар башталганы менен ал жай ишке бериле элек. Туризм мезгили бүткөндө ачасыңарбы?" – деген депутат ишкерлерлерди колдоо менен туристтерге керектүү шарттарды түзүү зарылчылыгын кошумчалады.   


"Карантинге байланыштуу көпчүлүк өндүрүштүк мекемелер, ишканалар үч айдай иштеген жок. Андыктан, бардык керектүү талаптарды камсыздоо менен алардын иштөөсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек", – деди.  


Ошондой эле жыйында депутат Гүлшат Асылбаева акча алмаштыруу жайларына байланышкан мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берип: "Бизге кайрылуулар келип жатат. Анын ичинен акча алмаштыруу жайларынан бир жылда 100 млн сом, буга кошумча 10 млн сом киреше салыгы түшөрү тууралуу кат да келди. Бирок мен белгилеп кетким келет. Расмий маалыматтар айтылган суммадан үч эсе аз. Тагыраагы, акча алмаштыруу жайларынан 37 млн. сом гана түшөт, ал эми киреше салыгы тууралуу маалымат жок. Мыйзам долбоору акча алмаштыруу жайларын жабууга багытталган эмес. Жөн гана мамлекет менен кызматташуунун жаңы формасы сунушталууда", – деди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн