Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Камчыбек Ташиевге кайрылды

09.06.2022 12:24
891
Депутат Камчыбек Ташиевге кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков "Түндүк электр" ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрү кымбат экенин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.


Ал Ысык-Ата айыл өкмөтү өзүнүн эсебинен электр мамыларын алганын айтып, аны орнотуу үчүн энергетиктер кымбат баа сураганына нааразы болду.


"Түндүк электрдин" кызматкерлери "27 мамычаны 61 миң сомго коёбуз" деди. Анан менин жардамчым барып ошолор эле жалдаган унаа менен 15 миң сомго коюп келди. Буларда бет деген жок. Мадумаровдун колун сындырардын алдында ошол 61 миң сом дегендерди мамынын ордуна көөмп койгулачы. Ошол кантип болсун!" — деп ызаланды депутат.


Ошондой эле ал Ысык-Ата районунда куруу зарыл болуп жаткан мектеп, бала бакча маселесин көтөрдү. Өткөн жумада Ташиев парламентте көз кысканда финансы министри менен энергетика министрине "Акбөкөн сураган акчаны берип койгула" деп ишарат кылганын божомолдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн