Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Камила Талиева калктын санын кантип жогорулатууну айтты

14.12.2023 12:32
216
Депутат Камила Талиева калктын санын кантип жогорулатууну айтты


Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева көп балалуу болууга стимул берүүчү мыйзам долбоорун жазганын билдирди.


Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январынан тартып үй-бүлөдө үчүнчү болуп төрөлгөн наристеге үч жыл бою жөлөк пул чегерилиши керек. Ал эми бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы региондордо, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашагандардын үч баласына үч жашка чыкканга чейин пособие берүү сунушталат. Акча бай-кедей экенине карабай тегиз төлөнөт.


Депутат өлкөдө карылардын саны өсүп, жаштар азайып жатканын белгиледи.


"Соңку төрт жылдан бери балдардын төрөлүшү азаюуда. Статкомдун маалыматы боюнча, 2019-жылы 173 миң наристе төрөлсө, 2021-жылы 150 миңге түшүп кеткен. 2022-жылы да беш пайызга азайган. Ошол эле учурда карылардын саны көбөйүп, үч жыл мурун жалпы калктын 10 пайызын түзсө, азыр 11ге жетти. БУУнун божомолуна ылайык, 2030-жылга чейин 60 жаштан улуу жарандардын саны азыркыдан үч эсе көбөйөт. Биз улуттун картаюусун алдын алууга кам көрүшүбүз керек", — деди Талиева.


Андыктан эл өкүлү "Алтын бала" программасын иштеп чыгып, мыйзам долбоорун жазганын билдирди. Максаты — ар бир наристенин төрөлүшүн стимулдаштырууга, үчүнчү баласы төрөлгөн үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү, демографиялык саясатты өркүндөтүү.


Буга чейин ал демилгелеген долбоордо 5000 сомдон пособие чегерүү жазылган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн