Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат Кара-Кулжадагы мектептин күйүп кеткенине байланыштуу президентке кайрылды

03.08.2023 16:35
373
Депутат Кара-Кулжадагы мектептин күйүп кеткенине байланыштуу президентке кайрылды


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президент Садыр Жапаровдон Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылындагы жаңы мектептин курулушун көзөмөлгө алып, маселени чечүүнү тездетүүнү суранды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.


Анын айтымында, кечээ толугу менен күйүп кеткен Кебек Мамаев атындагы мектеп 1958-жылы курулган.


«Жаны мектептин фундаменти жана дубалы эле бүткөн.

Окуу жылы башталганы турганда, тилсиз жоо каптап, азыркы эскилиги жеткен болсо да, балдар билим алып жаткан мектептин түп орду менен өрттөнүп кеткени баарыбыздын тынчыбызды алып, ойлондуруп жатат. Урматтуу, президент Садыр Жапаров! Жаңы мектептин курулушун жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Билимдүү балдар биздин келечегибиз.», — деп жазган Эмил Токтошев.


Парламентарий Кайың-Талаа айылында 2 миңден ашуун калк жашай турганын белгилеп, жаңы окуу жылында балдар мектеп менен камсыз болушат деген ишенимин билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн