Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 21:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Депутат: Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кеттиби?

28.09.2022 11:04
874
Депутат: Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кеттиби?

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычы өзбек тарапка өтүп кеткенин жергиликтүү каналдан айтып жатканын билдирди.


Ошондой эле ал учурда коомдо кыргыз-өзбек чек ара маселеси катуу талкууга түшкөндүгүн айтты.


«Кечээ облустук теле-компаниядан берди деп жатышат. «Кемпир-Абад кетиптир деп ызы-чуу пайда болду. Биз беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен сүйлөшкөнгө чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесин токтотуп турууну айткан болчубуз. Президент өзү дагы макул болгон эле. Бирок жең учунан макул болгондугу, аны телеканалдан айтып жибергендиги өлкөдө будум-чаңды жаратып жатат. Ошондуктан биз мыйзамдарды кароону токтотуп, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша маселе карасак», — деди Мадумаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн