Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат Көлбаевге тиешеси бар 100гө жакын бажычы кантип аныкталганын сурады

19.12.2023 16:18
219
Депутат Көлбаевге тиешеси бар 100гө жакын бажычы кантип аныкталганын сурады


Депутат Русланбек Жакышов бүгүн, 2023-жылдын 19-декабрында Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Камчы Көлбаевге тиешеси бар Мамлекеттик бажы кызматынын 100гө жакын кызматкери кантип аныкталганын сурады.


Депутат бул боюнча аларга ким жардам бергенин сурады.


Буга Мамлекеттик кызматтын биринчи орун басары Уланбек Кимсанов УКМК менен Мамлекеттик бажы кызматы биргелешип иш алып барып, анын жыйынтыгында кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.


«Сиз Мамлекеттик бажы кызматында 25 жылдан ашык иштегенсиз жана бул фактыларды мурда билчү белеңиз же жокпу?», - деп сурады.


Ал бул кызматкерлер мурда ар кандай коррупциялык схемаларга аралашканын тастыктады.


Бул жерде “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы жана Бажы кызматынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү ишинин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы угулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн