Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:03
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Депутат Конушбаев Транспорт комитетинин төрага орун басары болуп шайланды

27.05.2020 13:10
1172
Депутат Конушбаев Транспорт комитетинин төрага орун басары болуп шайланды


Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрага орун басары болуп депутат Тынчтыкбек Конушбаев шайланды.


Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясы тарабынан аталган комитеттин төрагасынын орун басарлык кызматына депутат Тынчтыкбек Конушбаев сунушталды.


Талапкерди шайлоо үчүн ар бир фракциядан эл өкүлдөрү Эсептөө комиссиясынын курамына бекитилди.  


Эсептөө комиссиясынын чечимине ылайык, жашыруун добуш берүү менен өткөн шайлоо бюллетенинде макул жана каршы деп жазылган. 

Комиссиянын төрагасы Эмил Токтошев билдиргендей, добуш берүүгө 83 бюллетень урнага салынган, бардык бюллетенде макул деп добуш берилген. Жыйынтыгында Конушбаев 83 добуш менен Транспорт комитетинин төрага орун басары болуп дайындалып, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлүгүнөн чыгарылды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн