Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Лейлектеги мектептин сапатсыз оңдолгонуна нааразы болду

21.09.2023 13:24
539
Депутат Лейлектеги мектептин сапатсыз оңдолгонуна нааразы болду


Лейлек районунун Андарак айылында орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүүдө тешиктери бар эшиктер орнотулган. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Ажыбаев парламент жыйынында билдирди.


«Бул мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат, бирок алар СССРден калган эшиктерди орнотуп коюшкан. Аларда тешиктер бар, алар шпаклевка менен жабылып, анан сырдалат. Эртең бирөө эки жолу эшикти "тарс" жапса, бул шпаклевка түшүп калат. Көптөгөн мектептердин абалы начар. Мамлекеттик курулуш комитетине тапшырма бергиле, алар өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарышсын», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн