Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Депутат М.Абдылдаев вирус эмне себептен "корона" деп аталганына кызыкты

19.03.2020 14:41
1144
Депутат М.Абдылдаев вирус эмне себептен "корона" деп аталганына кызыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 19-мартта парламенттин жалпы жыйынында COVID-19 жаңы вирусу эмне себептен "коронавирус" деп аталып калганына кызыкты. 


Анын айтымында, адам баласында кездешкен вирустардын бары биологиялык ат менен белгилүү. "Бул вирус жалгыз саясий ат менен "таажы" деп аталып калды. Бул вирустардын чокусу эмеспи?", - деп сурады депутат.


Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, микроскопиялык изилдөөдө вирустун көрүнүшү таажыга окшошуп тургандыктан "таажылуу вирус" деп аталып калган.


Башында жарганат менен жыландын ортосунда мутациядан пайда болгон деп айтып чыгышкан, кийинчерээк Кытай окумуштуулары Ухань шаарында канаттуулар базарында жарганаттан жуккан деген божомолдорун айтып жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн