Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 18:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат М.Маматалиев элдик штаб түзүп, кайдыгер эмес жарандарды жардамга чакырды

02.07.2020 12:06
1083
Депутат М.Маматалиев элдик штаб түзүп, кайдыгер эмес жарандарды жардамга чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев элдик штаб түзүп, ага кайдыгер эмес жарандарды кошулууга чакырды. Бул тууралуу депутат соцалдык тармактагы баракчасына жазды. 


"Ким жарандарбыздын тагдырына кайдыгер эмес болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында уюштурулган элдик штабга кошулууга чакырам. Эпидемиологиялык курч абалга жана тез жардам унааларынын жетишпей жаткандыгына байланыштуу каалоочулар унаасы менен келип (кичи автобус жана минивен) кошулсаңар болот. Чыгымдарын өзүм көтөрөм. Учурда биздин командада 5 унаа бар, ал дагы жетишсиз", - деп жазган ал. 


Ошондой эле, ал жасалма дем алдыруучу аппараттарга буйрутма бергенин, эгер муктаждык болсо кеңсесин кошумча орундуктар үчүн берүүгө дар экенин жана ооруканаларга өзү барып, кырдаалды көрөрүн жазган. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн