Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Мадумаровдун 13 жашар уулун ИИМде 3 саат кармагандарды жоопко тартууну талап кылды

06.09.2023 13:03
300
Депутат Мадумаровдун 13 жашар уулун ИИМде 3 саат кармагандарды жоопко тартууну талап кылды


Депутат Нуржигит Кадырбеков депутат Адахан Мадумаровдун уулун ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында 3 саат кармагандарды жоопко тартууну талап кылды.


Мадумаров 2-сентябрда кармалган, кармалган учурда уулу анын жанында болгон. Депутат Гуля Кожокулова билдиргендей, бала үч саат бою милицияда камакта.


"Мен укук коргоо органдарына нааразымын. 13 жаштагы баланын эмне күнөөсү бар? Баарыбыз 13 жашар бала болчубуз, аталарыбыз биз үчүн баатыр болгон. Бирөө атасына жаман мамиле кылып жатса, аны бала көрсө, болду баланын психикасы бузулат. 18 жашына 2 ай калган кыз анын макулдугу менен турмушка чыкса, ата-энесин жана нике кылган имамды соттойсуң. Анткени ал жашы жете элек. Бирок 13 жаштагы баланы 3 саатка камоочу?! Бул эмне? Буга ким жооп берет?", – деп ачууланды Кадырбеков.


Ал президенттин өкүлүнө кайрылып, буга күнөөлүүлөрдү таап жазалоону өтүндү.


«Бул жерде сиз кош бойлуу аялдарды бүтүндөй бир отряд менен бет капчан кармап жатасыздар. Погон тагынгандарды сыйлайбыз, бирок мындайга барбаңыздар да. Форма кийгендерди дайым колдойм. Бирок балага же жаш кызга күч колдонуу - бул эмне? Чакырса келмек. Анан кармашса болмок, бирок ошондо да балага тийүүгө мүмкүн эмес болчу», - деп кошумчалады Кадырбеков.


Депутат ошондой эле соттордун иши боюнча маселени көтөрүп, акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн