17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу үчүн 4 талапкер кайрылган.
Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова да бар.
Андан сырткары, Исакулов Жылдызбек Абдилахатович (Свердлов округу), Курманалиев Акыл Курманбекович (Сокулук округу), Абдылдаев Тынчтыкбек Кубатович (Токтогул округу) бар.
Борбордук шайлоо комиссиясы алардын арызын карап, канааттандырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн