Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Максат Сабиров элди бийликке каршы көтөрүлүш жасоого үндөдүбү?

13.07.2020 08:50
1109
Депутат Максат Сабиров элди бийликке каршы көтөрүлүш жасоого үндөдүбү?


Жогорку Кеӊештин депутаты Максат Сабиров кайрылуу кылып, “элим бул бийликке каршы аттаналы, биригип каршы чыгып көтөрүлөлү. Кыргызстанда мындан ары жакшылык болбойт!” деп айтыптыр. Анын аудиосун угуп чыктым, деп жазды активит Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.


Ал белгилегендей, биринчиден, депутаттын “мындан ары Кыргызстанда жакшылык болбойт!” деген тилегин таш капсын. Экинчиден, ансыз дагы сабыры кетип, жакындары ооруга чалдыгып, ажалга алдырып, кейип турган элдин духун түшүрүп, кара ниеттик менен жеке өзүнүн максатын ишке ашырууга аракет жасоо чыныгы душмандык.


Бүгүн, бийлик талаша турган учурбу? Бүгүн, кызмат талаша турган учурбу? Максат Сабиров бузукулук кылбай, андан көрө элди сактап калганга жардам бербейби”, - деди активист.


Ал кошумчалагандай, акыркы убакта учурдан пайдаланып пиар кылгандар, элди бөлүп жаргандар, бийликтен көзү өтүп, ошол максатын кырдаалдан пайдаланып ишке ашыргысы келгендер өбөйүп кетти.


Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Максат Сабировго чара көрүлүшүн талап кылып, элди ынтымакта болууга үндөдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн