Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Райым Матраимовдун колдоочуларына каршы антимитинг өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.
"Достор, ууруларга каршы антимитинг уюштуралы! Алар чектен чыкты. Мен деле уурдап алган акчага адамдарды митингге алып чыга алам" ,- деп жазган депутат.
Белгилүү болгондой, бүгүн Бишкекте жана Ошто кечээ кармалган Райым Матраимовдун колдоочулары аны бошотуу талабын коюп, митинг өткөрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн