Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат Миргүл Темирбаева чек арада жаңжалды турукташтырууга кошкон салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди

01.12.2022 10:13
256
Депутат Миргүл Темирбаева чек арада жаңжалды турукташтырууга кошкон салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди


 

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек районуна болгон иш сапары чек ара жаңжалында эң көп зыян тарткан Кулунду, Жаңы-Жер жана Маргун айыл өкмөттөрүндө уланды. Депутат ар бир айыл өкмөткө барып эл менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарынын банктардан алган насыяларын бүтүндөй жоюу, элге пайызсыз насыя берүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында аялдарга тигүүчүлүк ишканаларын, азык –түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылуучу кичи маркеттерди ачуу сунушталды. Депутат бардык сунуштарды кабыл алып тиешелүү иштерди жүргүзөрүн белгиледи.


Андан соң депутат Раззаков шаарындагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өткөрдү. Жыйынга билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алмаз Рахманкулов, Лейлек району боюнча 66 мектептин директорлору, бала-бакча жетекчилери жана райондук мекеме уюмдардын башчылары катышты. Жыйын учурунда билим берүү тармагына байланыштуу көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан материалдык базасы начар мектептерге китептер жана компьютерлер тапшырылды.


Мындан тышкары, депутат Миргүл Темирбаева сентябрь айындагы чек арадагы жаңжалды турукташтырууга, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошкон билим берүү тармагынын, Раззаков аэропортунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине жана адамдарды үйлөрүнө кабыл алып жайгаштырган жарандарга Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.


Андан соң депутат 2022-жылдын 22-апрелинде толук күйүп кеткен, бирок азыркы күнгө чейин курулушу баштала элек Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө орто мектебинен кабар алды. Депутат Сумбула айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде, министрге тез арада мектептин имаратын жаңыдан куруу зарылдыгын айтты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн