Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутат Нарында жети жаштагы кызды өлтүргөн жаран 12 жылга кесилгенине нааразы

28.09.2023 12:09
249
Депутат Нарында жети жаштагы кызды өлтүргөн жаран 12 жылга кесилгенине нааразы


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо жаза белгилөөдө жеңилдетүүчү жагдай катары каралган кылмыш жасагандардын жашын көтөрүүнү сунуштады.


Анын айтымында, Нарында жети жашар кызды зордуктап өлтүргөн 64 жаштагы жаран 12 жылга эркинен ажыратылды.


«Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу белгиленбейт. Ал эми жогорудагы кылмышты жасаган учурда айыпталуучу 64 жашта болгон. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек”, - дейт Мирлан Самыйкожо.


Эскерте кетсек, бала үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде өлтүрүлгөн. Сөөк кароосуз калган үйдөн табылган. Шектүү катары 64 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Кармоо учурунда ал мас болгон. Кылмыш иши “Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн