Учурда коронавирус илдетине каршы күрѳшүүдѳ ак халатчандар медициналык жабдууларга жана каражаттарга муктаж болууда. Ишкерлер, кайдыгер эмес жарандар дарыгерлерге колдорунан келген жардамдарын кѳрсѳтүшүүдѳ. Андай жардам берүүдѳн ЖК депутаты Нурбек Тотонов да четте калган жок.
6-июлда эл ѳкүлү Токтогул райондук Үй-бүлѳлүк дерыгерлер борборуна 6 даана «кычкылтек бѳлүп чыгаруучу аппарат», бир жолу колдонуучу 2000 даана медициналык беткапты тапшырды.
Бул иш-чара «Күч Биримдикте» ыктыярчылар тобу тарабынан
демилгеленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн