Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Нурбек Тотонов сабалып ооруканага түштү деген маалымат боюнча үн катты

15.07.2021 23:12
1312
Депутат Нурбек Тотонов сабалып ооруканага түштү деген маалымат боюнча үн катты


Жергиликтүү басылмалардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов сабалып, ооруканага түштү деген маалымат тараган. 


Анда депутат айрым каржы маселеси боюнча аласа-береседен келишпестик чыгып  сабалган жана ооруканага түшкөн деп айтылат.


Биздин редакция окуянын чоо-жайын билүү үчүн депутат Нурбек Тотоновго кайрылып көрдүк.


"Биз азыр улуу айдын улуу күндөрүндө турабыз. Бул күндөрдө бири-бирибизге жакшылык каалап, сооптуу амалдарды, иштерди аткарууга тийишпиз.


Колубуздан жакшылык келбей жаткан болсо, жамандык кылбайлы. Эч кандай себепсиз жалган маалымат таратпайлы. Бул күндөрдө жакшы амалдар канча эселенип жазылса, жаман, жалган иштер үчүн да ошондой күнөө болот. 


Биз азыр аласа-бересебиз болсо, мушташып чечише турган жашта эмеспиз. Анын үстүнө каржылык маселебизди ким менен кылсак, сүйлөшүү менен чечебиз.


Ал эми ооруканада жатканымдын себеби бул дарыгердин сунуштоосу. Дарыгерлер дарылан дегендиктен дарыланып жатам. Мунун эч бир башка себеби жок.


Эми Кудайым баарыбызга туура жолду насип этсин. Ар бирибизге ден соолук, ыйман берсин.


Келе жаткан Курман айт майрамыңыздар маарек болсун",- деп пикирин билдирди эл өкүлү Тотонов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн