Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат: Окуучу кыздардын кыска кийими педофилдердин жаман аракетине жол ачат

13.09.2022 15:38
749
Депутат: Окуучу кыздардын кыска кийими педофилдердин жаман аракетине жол ачат

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында педофилдерге карата жазаны күчөтүү керектигин билдирди.


Мындан сырткары депутат айрым учурларда окуучу кыздардын кыска кийимдери педофилдердин жаман ниеттерин ишке ашырууга шарт түзөрүн белгиледи.


"Бүгүнкү күндө айрым окуучулардын кийимдери аябай кыска. Мындай учурлар педофилдердин ыплас ниетин ишке ашырууга шарт түзүп жатат",- деди.


Депутат коомчулукка окуучулардын кийимине көңүл бурууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн