Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Жумгал
районундагы Кызыл-Жылдыз айылына бир даана дем алдыруучу аппарат алып берди.
Бул тууралуу журналист Мирбек Асаналиев Фейсбуктагы баракчасынан маалымдады.
Анын айтымында, буга чейин ал депутаттын Чүй өрөөнүнө жардам берип, күндүзгү стационар ачып жатканы тууралуу маалыматтарды окуп, алдына Жумгал районуна да кычкылтек концентраторун алып берүүсүн өтүнүп, комментарий калтырган.
“Пархат Розымович макул болуп, бир кычкылтек аппаратын салып жиберди”, - деп жазды журналист.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн