Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Пархат Тулендыбаев дарыгерлерге акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

25.07.2020 11:57
1185
Депутат Пархат Тулендыбаев дарыгерлерге акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев дарыгерлерге акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу эл өкүлү Фейсбук баракчасына жарыялады.


Билдирүүгө караганда, Тулендыбаев өзү ачкан күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан дарыгерлерге сый акы берген.


“Лебединовка айыл өкмөтүндө биз ачкан күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан медперсоналга айлыктан тышкары акчалай сыйлык тапшырдым. Бул апаатта эң оор жумушту ушул баатырларыбыз аткарып жатканын биз айтпасак дагы эл жана Аллахым билет.

Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана ыктыярчылар эмгегиңиздер жерде калбайт. Биз сиздер менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз. Ден соолукта болуңуздар. Буйруса биргеликте жеңебиз”, - деген депутат.




 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн