Жогорку Кеңештин
депутаты Пархат Тулендыбаев коронавирус дарты менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге
ысык тамак уюштуруп, аны тиешелүү мекемелерге жеткирип берди. Бул тууралуу
Фейсбук колдонуучусу Урмат Майрамбек уулу маалымдады. Анда белгилүү болгондой,
эл өкүлү нан, ысык тамак, суусундуктарды өз эсебинен сатып алган жана ак
халатчандарга жеткирип берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн