Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат: Партиялык система менен да байлар, жеке мандат менен да байлар келет

15.07.2021 10:59
815
Депутат: Партиялык система менен да байлар, жеке мандат менен да байлар келет

Азыркы сунушталып жаткан шайлоо системасы пропорционалдуу шайлоо такыр түшүнүксүз болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди.


Анын айтымында, мыйзам долбоору пропорционалдуу деген менен региондук пропорция такыр сакталбайт.


"Нуржан Шайлдабекова, сиз шайлоо системасын жакшы түшүнөсүз. Айтыңызчы, мурда биз  партиялык система менен келгенде элге платформабызды, программабызды көрсөтүп келет элек. Эми босого 3 пайызга түшкөндөн кийин көп партия келет. Ошондо бир партиядан  3-4төн депутат келсе кайсы программаны аткарат.


Партиялык системада байлар алдыңкы тизмеде келет. Жеке мандат менен да байлар келет. Бул жерде жаштар келе албайт. Себеби алардын акчасы жок",- деди Турускулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн