Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат Шаршенбек Абдыкеримов ооруп жаткандыктан Англиядан дарыланып келди

12.08.2020 14:07
2058
Депутат Шаршенбек Абдыкеримов ооруп жаткандыктан Англиядан дарыланып келди


"Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Шаршенбек Абдыкеримов ооруп жаткандыгына байланыштуу Англиядан дарыланып келди. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты. 


Алардын маалыматына караганда, ал Англияга атайын учак менен барып келген. Бирок, азыр деле ден соолугу жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу дарылануусун улантууда. 


Буга чейин маалымдалгандай, “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыргандан кийин, алардын ордуна Шаршенбек Абдыкеримов жана Жанибек Жоробаев депутат болуп келген. Алар ушул жылдын 14-майында депутаттык кызматка киришип, парламентте ант берген. 


Ш.Абдыкеримов "Кыргызстан" партиясынын негизги демөөрчүлөрүнүн бири болуп саналат.  Эгер Ш.Абдыкеримов ден соолугуна байланыштуу күзүндө болчу парламенттик шайлоого катышпай калса, "Кыргызстан" партиясы аксап калбайбы? деген суроо жаралат. 


Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын 7-августка карата маалыматы боюнча шайлоого аттанган партиялардын ичинен “Кыргызстан” партиясы фондуна 10 миллион сом которуп, катталган саясий партиялардын ичинен алдыңкы орунга чыккан. 


Шаршенбек Абдыкеримов буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин башчысы болгон. Ага удаа эле Күрөш федерациясын дагы жетектеп келген. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири ишкер катары таанымал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн