Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандагы "саткынчылык институтун" эске салды (Видео)

08.04.2021 15:18
1079
Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандагы "саткынчылык институтун" эске салды (Видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 5-октябрдагы революция эмне үчүн болгонун Жогорку Кеңештин жыйынында эске салды. 

Анын айтымында, азыркы шайлоодо да бийликчил партиялар мурдагыдай добуш сатып алууга киришкен. 


"4-5-октябрда революция ким үчүн болду? Ал көтөрүлүштө жаш Үмүттүн жаны эмне үчүн кыйылды эле? 

Жергиликтүү кеңештин шайлоосунда Ошто мэрдин партиясы, губернатордун партиясы, Азамат Арапбаевдин партиясы деген партиялар элди кысып кыйнап жатыптыр. Бул деген өткөн революцияны унутуп калды деген сөз. 

Кээ бир арабыздагы саткын коллегаларыбыз Бакиевдин убагында "Ак жол", Атамбаевдин убагында КСДП, Жээнбековдун убагында "Биримдик" болуп, президенттен президентке секирип "саткынчылык" деген оору пайда кылды. Оңолууну өзүбүздөн баштайлы.

Ош шаарында Азамат Арапбаев келе жатат дегенде жетекчилер жан алгычтан качкандай качат экен. Токтоткула!",- деди Атазов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн