Швециянын Социал-демократиялык жумушчу партиясынын төрагасынын саясий кеңешчиси болгон Харс Енсен 1932-жылы эле «Мамлекеттен окумуштуулар, инженерлер, врачтар жана калган акыл эмгегинин өкүлдөрү кетсе, элдин жүзү болгон интеллигенция кетет, анан андай өлкөдө башкаруучулар «Бизнесмендер» болот, ал эми плебейлер жана митаамдар саясатчы, а базар спекулянттары, спортчулары жана артисттер депутат болот», - деп айткан.
Так ошондой көрүнүш учурда биздин өлкөдө орун алып жаткан сыяктуу. Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын басымдуу бөлүгү бизнесмендер жана спортчулар болуп калды. Алардын сүйлөгөн сөздөрүнөн, ой жүгүртүүлөрүнөн өздөрү уялбай эле, угуп жаткан эл уяла турган болду.
Акыркы «свежий» мисал катары Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында банктардан берилүүчү кредиттердин үстөк пайызын 8%дан ашса «адал эмес» деп койбойлубу деген сунушу болду. Ал мындай ойду кайдан таап айтканын түшүнүү кыйын. «Адал» же «арам» деп айтуу үчүн атайын аалымдардын түшүндүрмөсү болот. Ал эми Атазовдун айткан сөзү эмнеге таянып айтылды?
Ырас, ал банктардан кредит алып, кайра аны төлөй албай, үйлөрүн тарттырып жиберген, оор абалда калган карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргогусу келип жатканы түшүнүктүү. Бирок, ошентсе дагы айткан сөзүнө негиз болушу керек да. Же болбосо ушул эле сунушун «арам» же «адал» деген сөздөрдү кошпой эле, 8%дан ашпай тургандай кылып мыйзам кабыл албайлыбы деп айтса болбойбу? Жогорку Кеңеш «бул адал, бул арам» деген тыянак чыгара тургандай диний мекеме беле?
Деги эле биз качан парламентке билимдүү, маданияттуу, интеллигенция өкүлдөрүн шайлаганды үйрөнөбүз? Басып өткөн жолу күмөн жараткан, өздөрү да ар кандай кылмыштарга айыпталган, шектелгендерди шайлап алып, анан кайра акыйкаттыкты, мыйзамдуулукту, илимге-билимге, маданиятка көңүл бурууну ошолордон күтүп отурганыбыз туура эле көрүнүшпү?
Мисалы, ушул эле Шайлообек Атазов 2013-жылы «Улуттар Биримдиги» партиясынын атынан Ош шаардык кеңешинде депутат болуп отурганда соттун чечими менен 1 жылга шарттуу кесилген. Ал Жазык кодексинин 308-беренеси («Бюджет каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылган. Эми минтип соттолгон адам Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат.
Анан дагы анын саясаттагы туруксуз позициясын партияларды тез-тезден алмаштырганынан эле билсек болот. Убагында «Улуттар Биримдиги» партиясы менен жүргөн. Бул партиянын атынан эки ирет Ош шаардык кеңешине депутат болгон. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде жүргөнүн билебиз. Ал эми кече жакында эле «Ата-Мекен» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп калды. Көрсө, 2015-жылы аталган партия менен шайлоого катышкан турбайбы. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Ө. Бабановду колдогон командада эле.
Саясий позициясы туруксуз, анын үстүнө айтайын деген оюн да так, даана түшүндүрө албаган депутаттар менен мамлекетибиз кантип өнүкмөк эле?
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн