Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат СИЗОдогу жолугушуулардын санын төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштады

18.06.2020 16:09
1038
Депутат СИЗОдогу жолугушуулардын санын төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев СИЗОдогу жолугушуулардын санын төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо учурунда билдирди. 


Депутаттын айтымында, учурда СИЗОдогу адамдарга айына эки гана жолугушууга уруксат берилет. Алардын ар бири  3 сааттан ашпайт. 


"Жолугушууга берилген убакытты 2 сааттан  4 саатка чейин узартууну сунуштайм", - деди ал. 


Депутат ЖАМК мекемелериндеги  кыйноолорго жана камалгандарга карата таш боор мамилеге байланыштуу бул сунуш өтө актуалдуу экендигин белгиледи. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн