Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:35
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу иштерине нааразы

26.06.2020 07:26
1602
Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу иштерине нааразы


Депутат Марлен Маматалиев кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында пандемия менен күрөшүү багытында келип жаткан каражаттарды башкарууну жакшыртуу зарылчыгын билдирди.

 

Акчаны алып жатасыңар, бирок оң натыйжа жок. Ал тургай уюштуруу иштерин чече албай жатасыңар. Алсак, "118", "103" кызматтарына чала албай жатабыз. Жарандар арасында кабатырлануу күч. Келип жаткан акчага медициналык шаарча куруп койсок болмок", - деп билдирди депутат Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы болуп.  

 

Андан тышкары, депутат Наталья Никитенко коронавирус менен күрөшүү үчүн келип түшкөн 246 млн АКШ долларынын 21 млн доллары гана саламаттыкты сактоо системасына багытталгандай элес калтырып жатканын айтып, калганы бюджетти колдоого, социалдык чыңалуудан сактануу үчүн айлык, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө кеткенин белгиледи.

 

"Бирок бүгүнкү күндө аталган саламаттыкты сактоо тармагына 100 млн АКШ доллары керектелүүдө", - деди Наталья Никитенко.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн