Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат Сулайманов Алмазбек Бейшеналиевди жардамчысын кызматка койбой койгон үчүн сындаган

10.05.2022 12:11
628
Депутат Сулайманов Алмазбек Бейшеналиевди жардамчысын кызматка койбой койгон үчүн сындаган

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.


Жыйында депутат Кундузбек Сулайманов Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү тармагында реформа жасай албаганын айтты.


"Сиздей министр реформа жасай албагандан кийин 5 жыл эмес, 5 мүнөт отурууга акысы жок",- деди депутат.


Ал эми Алмазбек Бейшеналиев анын сөзүнө төмөнкүдөй жооп берди: "Сиз өзүңүздүн жардамчыңызды Токтогул районундагы кесиптик лицейлердин директору кылып дайындашымды сурандыңыз. Бирок анын билими талапка жооп берген эмес. Андан кийин мени сындап баштадыңыз",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн