Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Суу чарба министрлиги түзүлөбү деген суроого кызыкты

11.03.2024 17:30
150
Депутат Суу чарба министрлиги түзүлөбү деген суроого кызыкты


Бүгүн, 2024-жылдын 11-мартында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков өлкөнүн суу ресурстарын сактап калуу керектигин айтты.


Суу тармагы мындан ары Айыл чарба министрлигинин курамында кала береби же өзүнчө министрлик түзүлөбү деген суроону койду.


Депутат буга мисал катары коңшу мамлекеттерде суу чарба министрликтери өзүнчө иштеп жатканын айтты.


"Бизде өзгөрүүлөр болобу? Эми суунун маанилүүлүгүн баары түшүнүп калды, бизде да ошондой болобу?», - деп сурады.


Буга айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов суу чарбасы Айыл чарба министрлигине өткөрүлүп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн