Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат Т.Зулпукаров өз кесиптештерин казино ачпоого чакырды

09.03.2020 18:08
573
Депутат Т.Зулпукаров өз кесиптештерин казино ачпоого чакырды


Эгерде биз туризмдин келечегин ойлосок, Ысык-Көл жана Баткен сындуу алыскы аймактарда чет өлкөлүк жарандар үчүн казинолорду ачып, ал эми кумар оюнуна кыргыз жарандарын киргизген казинолорго 50-100 миң долларга чейин айып пул салуу керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бинордук тооруктарга кумар оюну катары тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.


ЖК басма сөз кызматынан маалымдашкандай, депутат Марлен Маматалиев мындай сунушту колдой турганын белгилөө менен бирге, мыйзамдын өзүндө минтип жазууга болбой турганын, анын үстүндө Экономика министрлиги ырааттуу иш алпарууга тийиш экенин айтты.


Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров 2011-жылдан бери бир кумар оюну жабылса, экинчиси пайда болуп келатканын эске салып, дегеле казино ачууга каршы оюн билдирди. 


“Казинону кайра ачуунун жаманаттысы парламентке калат. Мурда дагы ушундай аркеттер болгон, депутаттар тобунун катуу каршылыгы менен араң токтотулган”, - деп, ал өз кесиптештерин кайрадан казино ачуу идеясынан баш тартууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн