Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүнгөндөргө айып пул салууну сунуштады

06.06.2023 16:27
354
Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүнгөндөргө айып пул салууну сунуштады


Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда уят сөздөрдү колдонгон жарандарга 100 миң сомго чейин айып салуу сунушун киргизди.


Анын айтымында, азыр социалдык тармактарда элдин сөгүнгөн видеолору жарыяланып жатат.


"ТikТоk'то сөгүнгөн сөздөр көп. Балдарга зыян келтирген бардык нерсеге тыюу салуу керек. Facebook'та жана ТikТоk'то уят сөздөрдү колдонгондор 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка тартылышы керек. Бул алар менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу", - деп белгиледи Икрамов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кубаныч
Отслеживать по номеру и наказать. Я за чистоту выражения своего мнения.