Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Темирбаева: Чек ара чечилмейинче өнүгүү болбойт, ызы-чууга чекит коюш керек

13.04.2022 11:03
937
Депутат Темирбаева: Чек ара чечилмейинче өнүгүү болбойт, ызы-чууга чекит коюш керек

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарында болгон атышуу тууралуу пикирин билдирди.


Депутаттын айтымында, чек ара боюнча комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат.


"Былтыркы жылы да Орозо айында чек арадагы согуштан 36 жараныбызды жоготконбуз. Бул качанга чейин кайталана берет. Лейлек эли тынч жашай албай калды.

Комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Чек ара чечилмейинче өнүгүү тууралуу сөз болбойт. Чек ара маселесине чекит коюуш керек. Комиссияга кимдер мүчө болуп жатат буларды Жогорку Кеңеш билиш керек. Керек болсо комиссияга жергиликтүү тургундардан кошуш керек",- деди депутат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн