Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат: Тенгиз Бөлтүрүк кыргыз жумушчуларды жумуштан кетирип жатат, аны токтотушубуз керек

02.12.2021 11:54
981
Депутат: Тенгиз Бөлтүрүк кыргыз жумушчуларды жумуштан кетирип жатат, аны токтотушубуз керек


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Кемелов Кумтөрдүн башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кыргыз жумушчуларды жумуштан кетирип жатканын айтып чыкты. 


Анын айтымында, компания «Центерра Голд Инк» менен болгон соттук териштирүүгө таянып, парламентке отчет берүүдөн баш тартууда.


«Парламент Кумтөрдө тышкы башкарууну киргизди. Биз отчет талап кылганбыз, бирок соттук териштирүүлөрдөн улам маалымат бере албастыгын айтышты. Сырткы менеджерге карт-бланш берилди. Кырдаалдан пайдаланып, уруксатсыз чечимдерди кабыл алынууда. Тенгиз Бөлтүрүк кыргызстандыктарды жумуштан кетирип, жергиликтүү подрядчылар менен келишимди үзө баштады. Ал казак жана түрк компаниялары менен жаңы келишимдерди түзүп жатат. Биз аны токтотушубуз керек», - деди Акылбек Кемелов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн