Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда жабыркаган Баткен облусунун элине жардам жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда күнүмдүк керектелүүчү азыктар май, кесме жана жууркан-төшөктөр бар.
"Мына ушул оор күндөрү жабыркаган жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүүдө жапа-тырмак салым кошушубуз керек. Биримдик жана ынтымак менен гана коогалаңдын кесепеттерин жоё алабыз", - деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн